Menu

Георгий Маргвелашвили бийликти эңсебейт, же туристтерге бөлмөлөрдү берип, каражат тапкан экс-президент

Бөлүшүү:

Экс-президент Георгий Маргвелашвили — азыркы кезде Грузиядагы эң популярдуу саясатчылардын бири. Себеби, ал бийликтен өз мөөнөтү аяктаган соң, бийликтен тынч жол менен кеткен биринчи (жана да азырынча, жалгыз!) президент болуп калды.

Ал эл арасында эбегейсиз чоң популярдуулукка ээ болгон саясатчылардын бири. Ал бир кездеги өз тарапташтарына каршы чыга алгандыгы менен ушундай сый-урматка ээ болгон. Анын оппозицияга өтүшү – «өз» тарапташтары бийликке келишкен соң, эч кандай рамкага сыйбаган мыйзамдар боюнча жашай башташкан учурга туш келген.

Маргвелашвили президенттик бийликке Михаил Саакашвилиден кийин келген. Альтернативалуу жол менен өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жеңип келген. Анын жеңишин грузин миллиардери Бидзинә Иванишвили камсыз кылды деп айтып чыгышкан саясат таануучулар да көп болгон. Арийне, эл өзү колдобосо, демократиялык баалуулуктардын даамын татып калган калктын колдоосу кыйын экендиги түшүнүктүү. Демек, шайлоодогу шансы өтө жогору болгон талапкердин жеңиши мыйзам ченемдүү деп эсептелген. Ал эми Бидзина Иванишвили ал шайлоого финансылык колдоону гана камсыз кылып бере алган десек болот.

Туура, соңку учурларда, постсоветтик мейкиндиктеги жаңы гана эгемендикке ээ болушкан өлкөлөрдө, дегеле финансылык-олигархиялык коомчулуктун колдоосусуз бир дагы шайлоо боло элек. Мунун эң биринчи мисалы катары – Борис Ельциндин 1996-жылкы президенттик шайлоодогу жеңиши, ал эми эң соңкуларынын бири -Украинадагы (Коломойский – Зеленский “тандеми”!) президенттик шайлоо болуп калды. Асыресе, жеңишке жетишкен соң, өз алдынча саясат жүргүзүп, эч кимге көз каранды болбой, мыйзамдуу жол менен кетип, жалпы жарандарга мыйзамды бекем сактоого үлгү болушкан президент катары Георгий Маргвелашвили гана тарыхта калышы мүмкүн…

Грузиянын “серый кардиналы” аталган Бидзина Иванишвили дагы өз адамын бийликке олтургузуу менен бирге, аны өзү каалагандай башкара алган марионеткага айландырууну көздөгөнү шексиз. Бирок, Маргвелашвили кебелгис кайраттуулугун көрсөтүп, өз алдынча гана саясат жүргүзгөн президентке айланган.

Грузия парламенти жарандарды жашыруун тыңшоого алуучу мыйзамды кабыл алып, ишке киргизүүгө өткөрүүгө аракет кылышканда, Маргвелашвили президенттик укугунан вето коюу боюнча 10 ирет пайдаланып, өткөрбөй койгон. Мындай мыйзамсыз тартипке табиятынан макул боло албай, жарандардын эркин жашоосун чектеген мыйзам боюнча кечээги эле соратниктери – Бидзина Иванишвилиге жана да өзүн колдоп, президенттик бийликке алып келген партияга каршы чыккан.

Маргвелашвили дайыма өз ишениминдеги принциптерди катаал карманган. 5 жыл бийликте турган кезинде ал бир да жолу мурда чоң кызматта турушкан кезде соттолуп кетишкен адамдарга ырайым берген эмес. Айта кете турган нерсе -алар Маргвелашвилинин саясий оппоненти – экс-президент Михаил Саакашвилинин учурунда соттолушкан. Ошону менен бирге эле, ал чуулгандуу эл аралык жаңжалдарга чулганган экс-президент Саакашвилини грузин жарандыгынан ажыраткан.

Маргвелашвилинин азыркы жашоосу

Эл арасындагы ашкере популярдуулугуна карабастан, Георгий Маргвелашвили экинчи мөөнөткө шайлоого баруудан баш тарткан. Ал муну такай уланып жаткан конфликттерден жана тынымсыз саясий күрөштөрдөн чарчагандыгы менен түшүндүргөн. Жана дагы -… президенттик бийлик өз эркин жашоосун чектегенин жактырбай турганын айткан. Ошентсе дагы, ал президенттик кызматтан кетсе да, саясаттан биротоло кетти дешке болбойт. Ал кезде Грузия президентинин айлык акысы 2,6 миң АКШ долларына жакын болчу. Маргвелашвилинин аялы алардын үй-бүлөсүндө эч кандай байлык топтошкон эместигин билдирген. Бул чын эле ушундай экени, алардын бүгүнкү жашоосунан да көрүнүп турат.

Айылда жашаган президент

Георгий Маргвелашвили саясаттан кеткен соң, борбор шаар Тбилисиден да чыгып кетип, Душети аймагында (Тбилисиден 70 км аралыкта) жашап жатат. Ал жерден өз президенттик мөөнөтү учурунда эле 2,5 миң долларга жер участогун сатып алып койгон болчу. Ошол жерге өз колу менен үй куруп, аны туристтерге берчү жайга ыңгайлаштырып жасалгалап чыккан.

Анын үйүндөгү бөлмөлөрдө жашоо суткасына 80 долларга жакын баада турат. Туристтер ал кичинекей үйдүн өтө жөнөкөй, ыңгайлуу экендигин жана да эң сонун бактын арасында жайгашып, кооз аймактан орун алгандыгын айтышат. Анан дагы, кээ бир туристтер бул өздөрү жаткан үй Грузиянын экс-президентине таандык экенин деле билишпей калышат экен!

Георгий Маргвелашвили кооз-жашыл бактан сырткары дагы.жашылча өстүрүүчү бакча кармап, картошка өстүрөт, жыгач уста катары өз өнөрүн көрсөтүп келет. Экс-президент Тбилисидеги кымгуут, чуру-чуудан жана да саясий интригалардан алыскы жайгашкан аймакта, эч нерсеге башын оорутпай, сүрөтчү кесибиндеги аялы жана да эки баласы менен бирге, карапайым эл арасында тынч гана оокат кылууну улантууда.

Орусчадан которгон Жумабек Кыдырбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: