2010-жылы апрель окуясында өрттөнүп кеткен салык инспекциясынын имаратынын ордуна бала бакча курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндөгү (Токтогул менен Москва көчөсүнүн ортосу) мурдагы Биринчи май райондук салык инспекциясынын имаратынын ордуна муниципалдык бала бакча курулат. Шаардык бюджеттен 35 миллион сом бөлүнөт. Бала бакчаны куруу боюнча буйрукка мэр Азиз Суракматов жайында кол койгон. Подрядчы — “Эм Эс Билдинг” компаниясы. Алар курулуш иштерин келерки жылдын сентябрь айында бүтүрөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ