Психикалык стационарларда суралган бейтаптардын 13 пайызы аларды жазага тартышканы жөнүндө айтышканын 14-ноябрда Бишкекте психикалык оорулуулардын укугун коргоо боюнча өткөн тегерек үстөлдө кыйноолорду алдын алган борбордун директор орун басары Динара Саякова билдирди.
Ал психооруларды сурамжылаган изилдөөнүн негизине таянып, 83 пайызы психикалык мекемелердин кызматкерлери менен жакшы мамиледе экенин, 6 пайызы начар мамиледе, 5 пайызы жаман экенин, 1 пайызы бардыгына кайдыгер экендигин билдиришкен.
Ошондой эле тартип бузгандарга жаза колдонулары айтылды. Оорулуулардын 13 пайызы колу-буттарын таңып жаткырганын, тактай, ажаткана жана бакша жайларды күч менен жуудурганын айтышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ