Menu

Видео – Улугбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри: “Көп эле тапшырма алып жүргөм, бирок, бүгүнкү жаш министрдин тапшырмасындагыдай тердеген эмесмин”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-ноябрда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата уюштурулган «Балдар бийликте» аттуу акция уюштурду. Аталган акциянын алкагында министр Улугбек Кочкоров көрүүсү жана угуусунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебинде окуган Тилеген Рахатбековго ордун убактылуу бошотуп берди. Жаңы, өтө жаш министрден тапшырма алып жатканда Улугбек Кочкоров тердеп, кургап, блокнотко жазып жатты. Анысын өзү да жашырган жок, толкунданганын айтты. Аны менен бирге анын тапшырмасы качан, канча айда бүтөөрүн кошумчалады.

Буга чейин чоңдордон тапшырма алып эле жүргөм жана алып жүрөбүз, бирок, алардын алдында  бүгүнкү  жаш министрдин алдында толкундагандай толкунданган эмесмин. Себеби, “биз көтөрүп жүргөн маселенин дагы эмнесин айтат, кандай тапшырма болот?”,- деген ойлор чуркоодон улам, толкундоолор болуп, тердеп чыктым. (Күлүп) Анын үстүнө министрдин сүрү бар дегендей, анан жаш министр тапшырма берип жатса… Эми Тилеген көп көйгөйлүү маселелерди айтты. Биринчи эле аттестатты айтты. Мен жаңы уктум, көрүүсүнөн жана угуусунан чектелген балдардын мектебинде мектепти бүткөндө аттестат эмес, справка алаарын. Бул туура эмес, себеби, алар ЖОЖго тапшырууда справка менен өтө албайт, мүмкүнчүлүгү чектелип калат. Бул тапшырманы мен жазып алдым, Билим берүү министрлигине кайрылып, министр менен чогуу мектепке барып, ал маселени кандай чебебиз, чогуу-чаран көрөбүз. Окуу куралдардын жетишпегенин жана бузик эмес, автобус болсо деген ойлорун айтты. Май айында мэрия 60 чоң транспорт сатып алган, бирок, анда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кызыкчылыгы камтылбай, эске алынбай калган. Бул маселени дагы караштырабыз”,-деди Улугбек Кочкоров.

“Тилегенден тапшырмасы качан, канча убакытта аткарылат?”,-деген суроого, ал бир айдын ичинде чечилээрин айтты.

Бир саат министр болгон Тилеген Рахатбековдун тапшырмасынан кийинки Улугбек Кочкоровдун айткандарын жана абалын төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: