Бүгүн, 26-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча кезектеги соттук отурум уланат. Бүгүнкү соттук отурумга Роза Отунбаева келет.
Эске сала кетсек, 29-августта Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. 12-сентябрда отурум болуп, ишти кароо тартиби бекитилген. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык шылуун ишкер, учурда түрмөдө отурган “Леонид Маевскийден пара алды» деген айып тагылып, Атамбаевдин буйругунун негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Мындай чечимди алар четке кагып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалашкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ