“Жайыл районундагы Южный айылындагы киши өлтүрүү кылмышы ачыла элек, тергөө амалдары жүрүүдө”. Ушинтип 27-ноябрда парламент жыйынында Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов билдирди.
Депутат Ирина Карамушкина айылдагы киши өлтүрүүнү эскертип, ага кылмыштын күбөсү кайрылганын айтты. “Өлтүргөндөр табыла элек. Күбө болгон аялга коркунуч жаралууда. Мындайда мыйзам кандайча иштейт? Кантип күбөлөрдү коргоп каласыңар?”, – деп сурады Карамушкина.
Памир Асанов мыйзам өмүрүнө коркунуч туулган жарандарды коргогонго багытталганын айтты. “Алар арыз менен кайрылууга тийиш. Ошондо тергөөчү күбөлөрдү коргоо жөнүндө токтом кабыл алат. Атайын башкармалык бар, ал аялды ыкчам кызматкерлер кайтарат”, – деп түшүндүрдү.
ИИМ алдында күбөлөрдү коргоо башкармалыгы 2014-жылы түзүлгөн.
“Силерге бардык күбөлөр кайрыла алабы? Силер эрежеге ылайык, коргоо сунуш кыласыңарбы?”, – деп сурады депутат.
“Ооба”, – деди Асанов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ