Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттик иликтөө боюнча тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр, бирок, чакыруу кагазын ала элек. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, премьер-министр башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр изилдөөнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан да талап кылат.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча «Азаттыктын» иликтөөсүнө байланыштуу депутат Алтынбек Сулайманов бүгүн, 3-декабрда УКМКга чакырылып, сурак берди. Кечээ, 2-декабрда ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов сурак берип чыккан. Андан тышкары, УКМК Мухамбеткалый Абылгазиев, Фарид Ниязов, Ширин Айтматова чакырыларын билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ