Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Крым тууралуу айткандарына байланыштуу бул өлкөнүн Киевдеги элчиси Самат Ордабаев Украинанын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакырылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө украин тарап Крымдын аннексиясы боюнча Казакстандын позициясына карата тынчсыздануусун билдирди.
— Жолугушууда тараптар өз ара көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү сыйлоо принциптерин бекем кармана тургандыктарын ырасташты, — деп жазылган украин ТИМинин сайтындагы билдирүүдө.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-декабрда Deutsche Welle басылмасына берген интервьюсунда Орусиянын Крымды өзүнө каратып алышын “аннексия” деп атабай турганын айткан.
– Болор иш болду. Аннексия – Крымга карата колдонулуучу сөз эмес. Крымда болгон жагдайга байланыштуу бизде эч кандай коркунуч болгон жок. Себеби биздин Орусия менен карым-катнашыбыз жакшы – деген Токаев.
4-декабрь күнү кечинде Украина ТИМи Крымдын аннексиясы тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин айткандары боюнча нааразылыгын билдирип, казак тарапка тиешелүү жооп кайтарыларын эскерткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ