Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен 2018-жылы атайын депозиттик эсеп ачылып, жемкорлордон түшкөн каражат бир кутучага өзүнчө жыйналмай болгонун, анын милдети Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жүктөлгөнүн билебиз. 2019-жылдын 20-ноябрына карата бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 909,7 млн. сом түшкөнүн Финансы министрлиги кабарлады. Өз-өзүнчө атай айтсак, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 941 млн. 517 мин сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) – 332 млн. 792 миң сом, Башкы прокуратура – 628 млн. 307 миң сом, Ички иштер министрлиги (ИИМ) – 7 млн. 85 миң сом которгон. Жемкорлуктан кайтарылган каражатка Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар курула турган болгон.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ