Бүгүн, 13-декабрда ЖКККББнын Мониторинг борборунун кызматкери А.А. Бишкек ШИИББдин абагына киргизилди. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кечээ Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ЖМКда чагылдырылган “Мерседес” үлгүсүндөгү 01KG 578 ACD мамлекеттик номерлүү автоунаанын сүрөтү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Кылматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиктери үчүн, тактап айтканда кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары колдонуу максатында адамдардын сүрөтүн бөлөк адамдарга тараткандары үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду.
Аталган факты КЖБРге катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Маниторинг борборунун ички жана сырткы видеокөзөмөлүнөн алынган толук версиядагы тасмага кароо жүргүзүү учурунда ЖКККББнын Мониторинг борборунун кызматкери А.А. ЖКЭ боюнча кызматтык маалыматты өзүнүн кызматтык компьютерине көчүрүп алып, андан соң “WhatsApp” мобилдик тиркемеси аркылуу башка адамдарга жөнөткөндүгү аныкталган.
Бүгүн, 13-декабрь күнү А.А. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 304-беренесинде (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) каралган кылмыш белгилерин жасагандыгы үчүн шектелип Бишкек ШИИББдин УКЖга киргизилди.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 304-беренесинде (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк)каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын айрым кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ