Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Интернационал айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, аянты 48 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир адам жабыркап, күйүп калып, ооруканага жеткирилген. Азыр анын абалы туруктуу. Өрт эмнеден келип чыкканынын себеби учурда такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ