Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн аракка болгон минималдык баа белгиленгенди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кечээ, 24-январь күнү билдирди.
Минималдык баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленген:
– 0,5 литр даяр продукцияны дүң сатуу 2020-жылы 103 сомду түзөт (мурун бул сумма 81 сом болгон), 2021-жылы – 114 сомду, 2022-жылы – 125 сомду жана 2023-жылы – 136 сомду түзөт;
– 0,5 литр даяр продукцияны чекене сатуу 2020-жылы – 112 сом (мурун бул сумма 90 сом болгон), 2021-жылы – 123 сом, 2022-жылы-134 сом, 2023-жылдан баштап – 145 сомду түзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ