Бишкекте “сойкулукка мажбурланган” деп айтылган 16 жаштагы кыздын апасына белгисиз бирөөлөр барып, коркуткан. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, кечээ, 27-январда К.А. (жабырлануучу өспүрүм кыздын апасы) милицияга кайрылып, 26-январда, саат 18:00 чамасында Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунда жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар барып, коркутуп, кызын “сойкулукка мажбурлаган” деп арызды алууну талап кылышкан. Бул факт каттоого алынып, Ак-Суу РИИБге берилген.
Эске сала кетсек, былтыр, 21-ноябрда К.А. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылган. Анын арызында, психикалык жактан жабыркаган 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жээнине күч колдонуп, анын каршылыгына карабай сойкулук менен алектенгенге мажбурлаган чала таанышына чара көрүүнү суранганы жазылган. Бул факт катталып, ага шектүү катары үч аял: 1996-жылы туулган К.А., 1987-жылы туулган Н.М., 1996-жылы туулган Д.З. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүлөр сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында 2 ай камакта болушат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ