10-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка-Ак-Ташта кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошондон улам, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын ӨКМ эскертет.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ