Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Жалал-Абад шаарынан сатууга тийиштүү лицензиясы жок ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголдук продукцияны сатуу фактысын аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда билдирди.
Натыйжада Жалал-Абад шаарынын соода объекттеринин биринен ар кандай ассортименттеги 2 миң 973 бөтөлкө, ал эми Кадамжай районунан 561 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.
Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ