Бишкектеги Свердлов райондук соту кызды коркутуп-үркүтүп, аны жыныстык катнашка барууга мажбурлаган И.И.ге карата өкүм чыгарды.
И.И. – телеграм-каналдын администратору. 2019-жылдын май айынын аягында Телеграмга А.С. жылаңач сүрөттөрүн жүктөгөн.
Бир нече күндөн кийин И.И. А.С. менен жолугушууну талап кылат. Эгерде ал келбесе, анда кайрадан сүрөттөрүн жүктөрүн айтып, кызды коркуткан. А.С. жолугушууга келгенде. И.И. аны оюн клубуна алып кирет. Ал кыздын көз карандылыгынан пайдаланып, эки жолу жыныстык катнашка барууга мажбурлаган.
Соттук отурумда айыпталуучу жигит күнөөсүн мойнуна алган. Ал кылган ишине өкүнүп, кыздын интимдик сүрөт жана видеолорун таап алганын айткан. Ал телеграм-каналына жүктөгөндөн соң бир нече күндөн кийин ага А.С. чалып, сүрөттөрдү өчүрүүнү суранган.
Айыпталуучу кызды коркутуп-үркүтүп, мажбурлап жыныстык катнашка барганын мойнуна алган. Ал соттон акыйкат чечим чыгарууну суранган.
Жыйынтыгында, И.И. жыныстык катнашка мажбурлаган деп табылып, 2,5 жылга түзөтүүчү иштерге кесилген. Анын айлык акысынын 20% мамлекеттин эсебине которулуат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ