Menu

Тажикстан Ооганстан менен Өзбекстанга электр кубатын экспорттоону азайтты

Бөлүшүү:

«Барки точик» энергохолдингинин башчысы 27-июлда коңшулаш Өзбекстанга электр кубатын экспорттоо төмөндөгөнүн билдирди.

Мирзо Исмоилзода муну Вахш дарыясындагы суунун агымынын азайганы менен түшүндүрдү. Ушул эле себеп менен 16-июлда Өзбекстанга электр кубатын экспорттоо кыскартылган.

«Барки точик» компаниясы билдиргендей, майдан бери Вахш дарыясындагы суунун көлөмү 30 пайызга кыскарган. Буга байланыштуу Нурек ГЭСинде суу толбой калган.

Буга чейин Ооганстан аймактарын электр кубаты менен камсыздаган «Брешно» компаниясы Тажикстан экспорттун көлөмүн 90 пайызга чейин азайтканын билдирген. Мурда Тажикстан Ооганстанга 320 МВт жөнөтүп келсе, дүйшөмбүдөн тарта бул көрсөткүч 40 МВтка чейин төмөндөдү.

Ооганстандын Кабул, Нангархар, Лагман, Лугар, Пактика, Парван, Панджшер, Каписа жана Баглан провинциялары Тажикстандан келген электр энергиясын колдонот.

Ооганстан бийлиги ушул тапта Өзбекстандан электр кубатын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: