Кечээ, 29-февралдан тартып эртең, 2-мартка пландаштырылган Садыр Жапаровду абактан бошотуу талабы менен өтө турган митингге Тоң районунан келе жатабыз деген видеотасма социалдык тармактарда тарады.
“Мына, азыр Садыр Жапаровдун боштондугу үчүн тынчтык митингине чыгууну жаңы баштадык… Уламдан-улам, кошулгандын үстүнө кошулуп, Тоң эли алдыга чыгып кетип жатышат. Кудайым буйруса Садыр Нургожоевичти чыгарып алганга элдердин деми, күчү… элдер айылдан-айылга чогулуп жатышат”, – дейт видеотасмага комментарий берген адамдын үнү.
Бирок, бүгүн, 1-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаров Кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, провокаторлор кошулуп жаткандыктан эртең митингге чыкпоого үндөгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ