Улуу Британиядан учуп келген кыргызстандык кыздан коронавируска анализ алынат. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө штабынан билдиришти.
«Бүгүн дарыгерлер кызга барып, анализ алат. Андан кийин 3 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Ал Кыргызстанга Улуу Британия карантин жарыялаганга чейин келген», – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ал кыз 9-мартта Лондондон Стамбул аркылуу учуп келген. Вирус катталган өлкөдөн келгендиктен Бишкекте анализ тапшырайын деп, бирок тапшыра албай убара тарткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ