12-мартта 4 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 26- февралында болжол менен саат 18:45те Бишкек шаарындагы Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу өспүрүм кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.
Ыкчам издөө иш- чараларынын жүрүшүндө “Ауди А6” үлгүсүндөгү авто унаанын ээси – 1995- жылы туулган М.О. аттуу жаран кармалган. Азыркы учурда унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ