Кувейттен Ошко учуп келе жатып таажывирусту жугузуп алган Ноокат районунун тургундары менен чогуу 282 адам учуп келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-март күнү билдирди.
Алардын айтымы боюнча, жарандар 12-мартта Джида – Ош каттамы менен учуп келишкен. Таажывируска чалдыккан 3 аял – 67, 71 жана 77 жашта.
Ошондой эле, министрлик алар менен байланышта болгон бардык адамдарын өздүгүн такташ үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, Ноокат районунун 3 тургунунан таажывирус аныкталганын Космосбек Чолпонбеав бүгүн, 20-мартта онлайн-маалымат жыйынында билдирген. Алар дагы умрадан келишкен. Азыркы учурда Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 6. Сузак районунан – 3, Ноокат районунан – 3 адам. Обсервацияда – 410.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ