Кыргызстанда таажывирустун беогилерин тактоо максатында онлай-тест иштелип. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.
МТМБКга караштуу ыкчам IT штаб тарабынан таажывирус тууралуу расмий жана так маалымат алуу үчүн атайын hidoctor.kg, covid.gov.kg (covid.kg). маалыматтык сайттарды иштеп чыгышкан.
Hi Doctor маалымат порталы – өз саламаттыгын текшерүүчү маалыматтык сервис. Ошондой эле аталган сайтта илимдеги жана медицинадагы жаңы жетишкендиктер тууралуу маалыматтар жарыяланып турат.
Онлайн-тест аркылуу адамда таажывирустун белгилери барбы же жокпу, ал медициналык жардамга муктажбы ж.б. аныкталат.
“Тесттин аягында берилген суроолордун негизинде сунуштама берилет. Эгерде жаш балага инфекция жуккан болушу мүмкүн деп шек болсо, тезинен 118 номерине чалыңыз” – сайтты иштеп чыккандар эскертет.
Белгилей кетсек, 23-мартта Ноокатта 2 адамдан таажывирус аныкталды, Кыргызстан боюнча таажывирусту жуктуруп алгандардын саны 16га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ