Menu

“Дастан” заводунун башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев камакка алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-июлда УКМК «Дастан» трансулуттук компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Юрий Василевди “Дастан” заводуна караштуу Ысык-Көлдөгү “Солнечный берег” пансионатын мыйзамсыз жана арзан сатуу менен мамлекетке 153 миллион сом зыян келтиргендиги үчүн камакка алды. Бул тууралу бүгүн, 12-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көлдүн жээгинде 11,7 гектар жери бар “Солнечный берег” пансионаты 100% “Дастан” заводуна караштуу болгон. Завод пансионатты 24,5 млн сомго жалтырата оңдоп, анан 2013-жылы 15-февралда заводдун жетекчиси Юрий Васильев кардар болгон Э.А. аттуу жаранга пансионаттын баасын арзандатып туруп, 47,75 млн сомго сатып жиберген. Андан сырткары Э.А. аттуу жаранга заводго карыздарды өндүрүп алуу укугун эч негизсиз эле өткөрүп берген.

КР Эсеп палатасынын аудитинин 10-июлдагы актысы боюнча Юрий Васильев кол койгон сатуу келишиминин негизинде пансионатты баасы арзандатылып, мамлекетке 128,4 млн сом зыян келтирилген. Андан сырткары пансионатты оңдоого жумшалган заводдун 24.5 млн сомун ысырапка учураткан. Натыйжада  Юрий Васильевге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн, 1,2-бөлүкчөсүнүн (Ишенип ташырылган мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же ысырапка учуратуу)  айыбы менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда “Дастан” заводунун жетекчиси Юрий Васильев КР УКМКнын тергөө абагына камалып, тергөө-иликтөө иштери улантылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Юрий Васильев 2010-жылга чейин Алмаз Атамбаевге караштуу заводдордо жетекчи кызматтарда иштеп жүргөн. “Дастан” заводуна 2010-жылдагы мамлекеттик төнкөрүштөн кийин Атамбаев менен Албек Ибраимов алып келип дайындашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: