Menu

Таажывирус: Кыргызстандыктар үйүнөн чыкпай эле онлайн-тесттен өтө алышат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда таажывирустун беогилерин тактоо максатында онлай-тест иштелип. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.

МТМБКга караштуу ыкчам IT штаб тарабынан таажывирус тууралуу расмий жана так маалымат алуу үчүн атайын hidoctor.kgcovid.gov.kg (covid.kg). маалыматтык сайттарды иштеп чыгышкан.

Hi Doctor маалымат порталы – өз саламаттыгын текшерүүчү маалыматтык сервис. Ошондой эле аталган сайтта илимдеги жана медицинадагы жаңы жетишкендиктер тууралуу маалыматтар жарыяланып турат.

Онлайн-тест аркылуу адамда таажывирустун белгилери барбы же жокпу, ал медициналык жардамга муктажбы ж.б. аныкталат.

“Тесттин аягында берилген суроолордун негизинде сунуштама берилет. Эгерде жаш балага инфекция жуккан болушу мүмкүн деп шек болсо, тезинен 118 номерине чалыңыз” – сайтты иштеп чыккандар эскертет.

Белгилей кетсек, 23-мартта Ноокатта 2 адамдан таажывирус аныкталды, Кыргызстан боюнча таажывирусту жуктуруп алгандардын саны 16га жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: