Бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Япониядагы “Diamond Princess” круиздик лайнеринен таажывирусун жуктуруп алып, андан кийин сакайган кыргызстандыктын учурдагы абалын айтты.
Анын айтымы боюнча, Япониядан келген кыргызстандык өзүн жакшы сезип жатат.
“Биз анын абалынын жакшырышына ынаныш үчүн ооруканага жаткырганбыз. Андан таажывируска анализ алынып, жыйынтыгында инфекция табылган эмес” – деп билдирди Айнура Акматова.
Белгилей кетсек, кыргызстандык жарандан 26-февралда таажывирус табылган. Ал 1-мартка чейин ооруканада дарыланып, акыркы тесттин жыйынтыгы боюнча андан илдет табылган эмес. Андан кийин ал 9-мартта Бишкекке келип, дароо эле обсервацияга жаткырылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ