Таажывирусун жуктуруп алган 58 жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал буга чейин жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 бейтаптын 5сүнүн абалы жакшыргандыктан, алар кадимки палаталарга которулганын билдирди. Алардын арасында 71 жаштагы Сузак районунун тургуну дагы бар.
“Жалал-Абад облусунда 1 бейтап жандандыруу бөлүмүндө кармалууда. Белгилеп айта кетчү нерсе, жандандыруу бөлүмүндөгү 6 бейтаптын бири да жасалма дем алдыруу аппаратына муктаж болгон эмес” – деп билдирди Айнура Акматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ