Бүгүн, 30-март күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында жайгашкан санитардык-карантиндык постунда ЖКККБнын жана бекитилген кызматкерлер тарабынан “Тойота-Чейзер” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерген учурда, айдоочу Аламүдүн районунун жашоочусу 49 жаштагы Х.А. аттуу жаран автоунаасынын алдыңкы терезесинен пропуск (өткөрмө) баракчасы жасалма түрдө болгондугу боюнча шектелип, Ысык-Ата РИИБнүн тергөө тобу чакырылып өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББсы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда автоунаа убактылуу айып унаа жайына токтотулуп, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 171-беренесинин негизинде топтолгон иш-кагаздары Ысык-Ата РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине киргизилип тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
“Урматтуу Чүй облусунун жашоочулары, коронавирус илдетин жоюу жана алдын алуу максатында үйүңүздөрдө болууңуздарды жана себепсиз чыкпоого суранабыз” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ