Бүгүн, 30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө таажывирус илдетин жуктуруп алып дарыланып жаткан 3 бейтап бүгүн ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда,үйлөрүнө чыгарылган бейтаптар эки жума дарыланышкан. Кайталанып алынган анализдин жыйынтыгында аталган жарандардан таажывирус табылган эмес. Алар Сузак районунун Благовещенка айылынын жашоочулар- аялы менен күйөөсү жана 70 жаштагы кемпир.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов бейтаптардын абалы менен таанышып, аларга ден-соолук каалап ар бирине керектүү бет каптарды тапшырды.
Учурда Кыргызстан боюнча таажывирус илдети менен 94 адам жабыркап жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ