Өзбек улутундагы белгилүү миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда таажывирус менен күрөшүүгө 20 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каражат таажывирус илдетине каршы күрөшүү маалында өкмөткө каржылык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн Өзбекстандын кайрымдуулук жана ден-соолук коомдук фондуна которулган.
Акча керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.
Бөлүнгөн каражат Ташкент облусунун Зангиата районунда курулуп жаткан оорукананы таажывирус илдети менен жабыркагандар үчүн жабдууга жумшалат.
Эскерте кетсек, буга чейин Алишер Усманов Ташкенттеги үйүндө таажывирус пандемиясынын учурунда өзүн-өзү изоляциялаган деп кабарланган.
Учурда Өзбекстанда 172 адам таажывирус илдети менен жабыркоодо.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ