Бүгүн, 2-апрелде Россиянын президенти Владимир Путин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыз кылуу үчүн киргизилген жумушсуз күндөр узартылгандыгын жарыялады. Россиянын калкына жасаган кайрылуусунда Путин ишсиз күндөр режими 30-апрелге чейин узартылганын, бирок айлык маяналар төлөнөрүн билдирди.
“Эгерде кырдаал жол берсе, биз жумушсуз күндөрдүн жарыяланган мезгилин кыскартуу жагына ылайыкташтырабыз ” – деп кошумчалады президент.
Буга чейин Владимир Путин 25-мартта элге кайрылуу жасап, 30-марттан 5-апрелге чейин ишсиз күндөр болорун жарыялаган.
Россияда таажывирусунун өсүү темпи жогору бойдон калууда, бир күндө таажывирусту жуктуруп алгандардын саны 771 учурга көбөйгөн. Жалпысынан 3548 адам таажывирусун жуктуруп алган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ