Өкмөттүн Жала-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевди борбордук бийлик колдон келген аракети менен күн сайын көтөрмөлөсө да таптакыр базар деңгээлинен көтөрүлө албай койду.
Көнгөн адат калабы дегендей базарчы баары бир базарчылыгын кылат экен да. Жада калса кагаздын каягына кол коюп, келген каттарга эмне деп жооп беришти билбей, кеңешчи жана жардамчыларынан сурап жүрүп кол коет экен. Жанында жүргөндөр көбүр-шыбыр кеп кылып, шылдыңдап күлүшүүдө. Ушул дагы жетекчиби? Уят да эми. Так ушундай “базарчылардын” айынан кадр саясатыбыздын ашмалтайы чыгып, мамлекеттин аброю түшуп жатканы жалган эмес да.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ