Жол кырсыгынан кийин ден соолукту чыңдоого же адам өлгөндөн кийинки чыгымга кеткен каражаттын көптүгүн айткан министр жолдогу көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, бүгүнкү күндө болуп жаткан жол кырсыктардын кайсы бир тарабы дээрлик бардык үй-бүлөгө таасири тийүүдө. Бирок ар бир жол кырсыгына өзүбүз эле күнөөлүү экенибизди мойнубузга алгыбыз келбейт. Анткен менен дарыгерлерге алгачкы жардам көрсөтүү боюнча дооматтар көп. «Бизде санавиация жок, жолдорубуз начар. Ошол себептүү жол кырсыгы болгон жерге алгачкы мүнөттөрдө жетип, тиешелүү жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жетпейт» деди министр.
Анын айтымында, өзүм билемдик менен жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн айдоочулар текшерүүгө алынышы керек. «Эгер такси кызматын көрсөткүсү келсе, бир нече адам топтолуп, тиешелүү документтерин алсын. Болбосо жүргүнчү ташып иштеген унаалардын атайын белгиси дагы жок» деп кошумчалады Батыралиев. Ошондой эле ал дал ушундай көрүнүш медицинада өз алдынча кызмат көрсөткөн адистер арасында дагы бар экенине токтолду.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ