Ысык-Көл облусунда 27- марттан бери дайынсыз жоголгон окуучунун жансыз денеси көлдүн жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылынын 16 жаштагы окуучусу 27-мартта пансионаттардын биринде достору менен эс алып жатканда дайынсыз жоголгон.
Издөө иштеринин натыйжасында 5- апрель күнү болжол менен саат 17:30да табылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Учурда жансыз дене соттук медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ