Бүгүн, 8-апрелде Нарын облусунда 5 адамдан таажывирусу аныкталган. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирген.
Нарын облусунун таажывируска каршы күрөшүү боюнча штабы журналисттерге маалымдагандай, таажывирусун жуктуруп алган 5 жаран Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунун тургундары.
Бүгүн катталган 5 жаңы учур:
– Ат-Башы районунан 2 адам: бири Бирлик айлынын жашоочусу – Оштон дааваттан келген, экинчиси Ача-Кайың айылынын тургуну – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан дааваттан келген.
– Жумгал районунан 2 адам. Алар 15-мартта Индиядан 4 айлык дааваттан кийин учуп келишкен.
– Кочкор районунан 1 адам: Ал кыз Пакистандан дааваттан келген агасынан вирусту жуктуруп алган. Ал Бишкекте жашаган байкесинин үйүнө 1 күнгө конокко барган.
Учурда Нарын облусунда жалпысынан 10 адам илдетке чалдыккан. Кыргызстан боюнча, 270 адамдан таажывирусу аныкталган, алардын ичинде 32 медициналык кызматкер бар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ