Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Өзбекстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ