Menu

Кыргыз элине кайрылуу: “Атамбаевдин шоопуру, жан сакчылары, секретарлары жазалоочу машинага айланды”

Бөлүшүү:

Акыркы төрт жылда Кыргызстан биздин укуктар артыкчылыктуу багыт болуудан калган, эркиндигибиз курулай гана сөз болгон авторитардык жана полициялык мамлекетке айланганын өкүнүү менен моюнга алып олтурабыз. Ар бирибиздин коопсуздугубуз – коркунучта.

Мамлекет башчысынын экономиканын өскөнү, өлкөбүздүн өнүгүшү тууралу айткандарына карабастан, биз коррупцияланган деңгээл жагынан алдыңкы орунду ээледик, ал эми адам укугу Кыргызстанда мамлекеттик жалпы дөөлөт болбой калды. Кыргызстандын жарандарына кызмат кылууга жана мыйзамдын руху менен тамгасын сактоого милдеттүү болуп саналган мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү азыркы президенттин шоопуру, жан сакчылары, секретарлары бир ууч адамдардын кызыкчылыгын коргогон жазалоочу машинага айланды. Президенттин жаңы багытынын маани-мазмуну жарандардын эркиндиктерин басмырлап, укуктарын бузуп, бүт элди анын шоопуруна, жан-сакчылары, секретарларынын кызыкчылыктарына баш ийдирүү экенине биздин көзүбүз жетти.

Өзгөчө оппозиция өкүлдөрү Аксы районундагы Унгар-Тоо маселесин жана карапайым элдердин көйгөйлөрүн көтөрүп, тынчтык митинг өткөргөнү үчүн Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановтор эч далилсиз, мыйзамсыз, камака алынышты, мындай аракети менен бийликтегилер баарыбыздын эркиндиктерибиз менен укуктарыбызды басууга багыт алышты. Борбордук бийликтен мактоо сөз угуш үчүн укук коргоо органдары “бөрк ал десе баш” алышты. Президент А.Атамбаев Кыргызстандын келечеги үчүн оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүнүн ордуна “булар кузгундар, кан ичкирлер, шайтандын кулдары, оппозицияны таш бараңга алып, мамлекеттен кууп чыккыла” деп  элдерди чагымчылдыка тукурду. Ошентип, өлкөнүн жарандарынын ортосундагы араздашуулары менен кагылышууларын колдоого алды.

Силерге кайрылуу менен биз өлкөнүн алдыңкы, прогрессчил күчтөрүн жогорку бир максат – Кыргызстандын келечеги үчүн баш кошууга чакырабыз. Эгерде биз мындан ары да коркуп, чыдап жүрө берсек, анда эркиндигибизден ажырайбыз. Биз аларга өзүбүздү кордогонго жол бере албайбыз, себеби биздин баалуулук – эркиндик, биздин багытыбыз – адилеттик, биз алар үчүн, келечек үчүн, гүлдөп-өнүгүү үчүн күрөшүүбүз керек.

Оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асановду колдоо тобу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: