Menu

Видео – Чаткалдын Ак-Терек айылында митинг өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-декабрь күнү Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагында таң эрте 400гө жакын адам митингге чыгышты. Алар кен казган Түркиялык компаниянын кетишин талап кылууда. Бул тууралуу маалымат  Vesti.kg сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, буга чейин жайлоодо малын багып жүргөн жаранды Ак-Теректе кен казып иштеп жаткан түркиялык “Эти Бакыр” компаниясын кайтарган коопсуздук кызматынын жигиттери ур-токмокко алышкан. Ызага чыдабаган жаран  классташтарын чакырып, барып, ал кызматкерлерге жообун беришкен.

Жалал-Абад облусунан барган милиция кызматкерлери, компаниянын кызматкерлерин урган балдарды камакка алып кетишти. Бүгүн Ак -Терек айылынын 400гө жакын тургуну Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы камакка алган балдарды бошотуп берүүсүн талап кылып, нааразычылык митингине чыгышкан.

Түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы Терек-Сай аймагында алтын кен казуучу жайды 20 жылга сатып алган. Ал жактан алтын, күмүш, сурма сыяктуу баалуу кендерди иштетип чыгышат.

Буга чейин айыл тургундары алтын кен иштетүүгө каршы болушуп, митингге көп жолу чыгышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: