Актөбө облусунун Хоромтау районунда өткөн аптада оодарылып кеткен автобустун айдоочусу, 35 жаштагы Марат Бегимкуловго карата “Жол кыймылын же транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жазып берген айдоочу азыр Актөбө шаарында. Бул тууралуу 1-мартта облустук ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Полиция маалыматы боюнча кырсык 25-февраль күнү кечинде Самара-Шымкент унаа жолунун Хромтау районундагы бөлүгүндө болгон. Айдоочу рулду башкара албай калып, автобус оодарылып кеткен. Ичинде 25 жүргүнчү болгон. Жыйынтыгында түрдүү жарааттары менен жети өзбекстандык жаран ооруканага жеткирилген.
Актөбө облусунун аймагында 22-январдан тарта 18-февралга чейин жүргүнчү ташыган автобустар текшерилип, жүздөгөн тартип бузуулар аныкталган.
18-январда Казакстандын Актөбө облусунда Орусияга бараткан өзбекстандык мигранттар түшкөн автобус өрттөнүп кетип, андан 52 адамдын өмүрү кыйылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ