Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда дагы 18 адамдан таажывирус илдети аныкталды, алардын ичинен бешөө медицина кызматкерлери. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө таажывирус илдетин жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 39 адамга жетти.
Учурда өлкөдө таажывирус илдети менен 298 адам жабыркап жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ