Menu

Борбордук шайлоо комиссиясы 8 участкада добуш берүүнү жокко чыгарды

Бөлүшүү:

“2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо КР БШКнын аймактык комиссиялары тарабынан бир катар шайлоо участкаларда добуштарды саноо учурунда идентификациялык чек алган шайлоочулар менен шайлоо бюллетендеринин ортосунда айырмачылыктар табылган”, – деп билдирет КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү.

Добуштарды саноодо төмөнкү участкаларда  айырмачылыктар чыккан:

Сокулук АШК, УШК 7269- саноодо айырма -55

Бишкек АШК, УШК 1243- саноодо айырма -2

Бишкек АШК,УШК 9036 (Түркия, Анкара)-саноодо айырма -9

Сузак АШК, УШК 2118 – саноодо айырма 577

УШК 2119 – саноодо айырма 259,

УШК 2120 – саноодо айырма 126,

УШК 2126 – саноодо айырма 85,

Кара-Суу АШК, УШК №5180– саноодо айырма 48 болгон.

АШК мүчөлөрү тарабынан акты түзүлдү жана аталган участкаларда добуш берүү жокко чыгарылгандыгы тууралуу чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын  31, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 8 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгаруу, участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу жана иштин материалдарын укук коргоо органдарына берүү чечимин кабыл алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: