Бишкек шаарында милиция кызматкерлери 61,5 миң сом салынган терминалды уурдап кеткен шектүүлөрдү аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Шектүүлөр «Коопсуз шаар» долбоорунун жана ШИИБдин камераларына тартылып калган. Азыркы тапта аларды таап, кармоо иштери жүрүп жатат. Толук маалыматты дагы билдиребиз”, – деди Орозалиев.
Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан терминал 6-апрелде түнкү саат экиде уурдалган. Анын ичинде 61 миң 500 сом суммасындагы акча каражаты болгон. Ал эми терминал өзү 1,5 миң долларга бааланат.
Учурда бул факт Свердлов РИИБ тарабынан уурулук фактысы катары катталып, ыкчам иштер жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ