Кечээ күнү обсервациядан үй карантинине 24 адам чыгарылган. Алардын ичинен: Бишкек шаары – 14 адам, Ысык-Көл облусу – 10 адам. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бүгүнкү күндө обсервацияда 1119 адам жатат.
Ал буга чейин обсервациядагы адамдар көп убакыт жатып калганын, өз убагында ПЧР изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок болгону менен түшүндүрдү.
“Бүгүнкү күндө обсервацияда жаткан адамдардан таажывирусу аныкталбаса, биз аларды дароо эле үй карантинине чыгарабыз” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ