Menu

Балыкчыда оодарылган батуттан балдар жабыркап, бири реанимацияда

Бөлүшүү:

Балыкчы шаарында 9-июнда катуу шамалдан улам балдар секирип ойноп жаткан батут оодарылып кетти. Окуядан жабыркаган үч жашар кыз реанимацияга түшүп, анын бештеги эжесинин буту сынганы кабарланууда.

Ооруканага жалпысынан бул күнү төрт бала келип түшкөн. Буту сынган кыздын абалы туруктуу, ал эми анын сиңдиси дароо реанимацияга жаткырылган. Анын абалы турукташып калган соң аны Бишкекке которуу маселеси да каралууда.

Эже-сиңдиден сырткары ооруканага түшкөн дагы эки бала дарыгерлердин кароосунан өткөн соң үйлөрүнө кое берилген. Окуя Балыкчы шаарынын Соң-Көл кичирайонунда болгон.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: