Menu

МККБ: Милициянын кайгуул кызматы тыгындарды жойуу максатында борбордо иш алып барууда

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын аймагында эртең менен жана кечинде унаа агымынын көбөйүшүнө байланыштуу айрым көчөлөрдө тыгын пайда болуп, жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык жаратууда деп шаар тургундары жана коноктор шаардык милициянын кайгуул кызматынын жетекчилигине көп кайрылышат.  Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда МККБы басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын МККБнын кызматкерлери, борбор калаада коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоо боюнча, өз ишин күнү-түнү жүргүзүшүүдө, тыгындар пайда болгон жерлерге токтоосуз кызматерлерин тобу жөнөтүлүүдө, ошону менен бирге күнүгө  саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечкисин саат 17.30дан 19.30га чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчө кесилиштеринде кыймылды кол менен жөндөп иш алып барышууда.

Мындай ыкма светофорлор иштебей калган, жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнөн же аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн, ошондой эле жана башка көрүнүштөрдөн улам пайда болгон тыгындарды алдын алуу, жөнгө салуу үчүн унаалардын тыгыны көп болгон жерлерде жол кыймылын кол менен жөнгө салышат.

Борбордук милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы бардык айдоочуларды жана жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежесин так сактоого чакырат!

“Жасалма тыгындарга жол бербөө үчүн, карама-каршы жолдун тилкелерине чыкпай, жол кесилиштерге жакын жерде ортого кире калып бир багыттан экинчи багытка өтүү аракетин кылбаңыздар, ушул жана башка аракеттериңиз жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жана ыңгайсыздыктарды жарататарын эсиңизге алыңыздар”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: