Румынияын Бухарест шаарында 16-18-ноябрь күндөрү өтүүчү эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатка катыша турган Кыргызстандык балбандардын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлады.
10 медалдар топтому ойнотулган бул Дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан 5 балбан катышат.
Дүйнөлүк чемпионатка катышуучу кыргыз балбандарынын тизмеси:
57 кг Алмаз Сманбеков
61 кг Улукбек Жолдошбеков
65 кг Нургазы Абдыразаков
70 кг Исламбек Орозбеков
74 кг Бекжан Жамбулов
Машыктыруучу: Исламбек Тазабеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ