Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутат Тынчтыкбек Конушбаев ишкерлердин арасында тынчсыздануу болуп жатканын билдирди.
“Азыр коомчулуктун арасында сөздөр болуп жатат. Коронавирус илдетинин күчөп жатканына байланыштуу мекемелер жабылат деген сөздөр. Бул боюнча ишкерлердин арасында аябай чоң тынчсызданууну жаратууда. Ушул боюнча так айтып койсоңуздар кандай болот?”, – деп суроо узатты депутат Тынчтыкбек Конушбаев.
“Бүгүнкү күндө акыбал региондордо бир топ эле жакшы. Эң кооптуу деп саналгандар – Бишкек шаары, Ош шаары жана Чүй облусу. Бул кырдаалга байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков баш болуп шарттарды түздүк. Башында биз карантин, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдарды киргиздик. Азыркы учурда барын бекитип отурганга шарт жок. Экономика алдыга жылып, элибиз иштеш керек. Түрдүү рейддерди дагы жүргүздүк, айып пул салдык. 70 пайыз адамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактабай жатат. Эң коркунучтуусу жарандарыбыз “коронавирус жок” – деп ишенбей, башкаларга дагы жарыялашууда. Бул туура эмес иш. Бизнес тармагындагы мекемелерди жаппаганга шарттар түзүлөт”, – деди Кубатбек Боронов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ