«Мен биздин доллар мульти-миллионерлерибизге кайрылам. Алар – биздин улуттук кызыкчылыгыбызга чыккынчылык кылгандар, алар – Акаев, Бакиев жана Алмаз Атамбаев. Алар биздин мамлекеттик казынадан 5-6 миллиард доллар уурдап кеткен. Мен ошол Акаев, Бакиев жана Атамбаевге кайрылам – азыркы учурдан пайдаланып, элдин жок дегенде кичине кечиримин алалы десеңер, абийириңерди тазалайлы десеңер, ар бириңер казынага бир миллиард доллардан кайтаргыла», – деп билдирди кечээ, 10-апрелде Манас жана Айтматов академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев таажывируска байланыштуу кайрымдуулук маселесин айтып жатып.
“Мурдагы 3 президент байлыгы менен бөлүшсө, аларга карата коомдук пикир чындап эле жумшармак, бирок аны менен алар – чындап эле өз мезгилинде мамлекетти карактаганын дагы моюнга алмак. Анткен менен, алардын кеминде бири – миллиондору менен такай мактанып келген”, – дейт Топчубек Тургуналиев.
Булак: “5 канал”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ