“Медицина кызматкерлерине компенсация маселеси бизди да түйшөлтөт. Таажывирус илдетине каршы иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге, оорунун очокторунда иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча акча берилет дегенбиз, аны толугу менен төлөп берүүнүн үстүндөбүз. Компенсация баардык нормативдик актылар иштелип чыгып бүткөндөн кийин төлөнө баштайт”,- деп билдирди бүгүн, 13-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Учурда Кыргызстанда таажывирус илдети менен жалпы 79 медицина кызматкерлери ооруп жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ