Учурда Алмаз Атамбаевдин ден-соолугу канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Азыр андан эч кандай даттануулар жок. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн 17-апрелде Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Атамбаевдин ден-соолугу начар экендигин жана ага тергөө абагынан тышкары, конвоирлердин коштоосунда дарыланууга мүмкүнчүлүк берилсе болмок деп билдирүү жасаган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ