Бүгүн, 20-апрелде саат 9дан баштап Польшадан келген медициналык топ Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында иш алып барышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Алар дарыланып жаткан бейтаптарга жардам берип, биздин медициналык кызматкерлер менен чогуу иш алып барышат. 24-апрелге чейин Бишкекте болушат. Андан кийин Ош шаарындагы ооруканаларга жана Жалал-Абаддагы ооруканаларга барып, бейтаптарды дарылоо процесстерине жардам беришип, кеп-кеңештерин айтышат.
Ал ошондой эле Кытайдан дагы дарыгерлердин тобу келе жатканын билдирди.
“Кытайдан келген дарыгерлер лабороториялык тастыктоолордун деңгээлин көрүшөт. Андан сырткары, дарыгерлерди окутуу, даярдоо процесстерине баа берип, дарыгерлерге кеп-кеңештерин берет” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ